Бишкекте көмүрдү арзан баада саткан дагы бир кампа ачылды. Дареги

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштады. Ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан көмүр сатылмай болгону менен алуучулардын көптүгүнөн улам чектөө 1 жарым тоннага өзгөрдү.
Көмүр алабыз дегендердин саны арбын болгондуктан кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" ишканасынан маалымдашты.
"Кошумча ачылган кампадан көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алса болот. Дареги Мурманская көчөсү, 30Б. Муну менен учурда эки кампада тең көмүр сатылууда", - дешти ишкананын маалымат кызматынан.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kolyaa
2021-11-16 23:37:04
Башка областарда кыргыздар жашабайбы?
Эмне үчүн баарына бирдей мамиле жасабайсыңар Кызыл Кыя шаарында Көмүрдүн баасы 7000 сомдон.
+1
Take-72
2021-11-17 13:23:23
Бай болгурлар,Ошко деле ачкылачы.Комурдун баасы 7-7.5 сом болуп атат.Турмуш шарты начар бей бечарларга ото кыйын болуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан