Бүгүн, 17-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 455 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"17-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 455 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 186 метр куб, агып чыгышы 519 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Эки күн мурун, тагыраагы 15-ноябрда суу сактагычта 11 миллиард 519 миллион метр куб суу бар болчу.
Былтыр, 2020-жылдын 17-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 362 миллион метр кубду түзгөн.