Тогуз-Тородо түндө мектеп өрттөндү. Өрт эртең менен өчүрүлдү (фото)

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айылында жайгашкан мектептен түндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Каргалык айыл аймагында жайгашкан М.Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин чатыры күйүүдө деген маалымат саат 00:10до келип түшкөн.

Жерине ӨКМнын эки өрт өчүрүүчү бөлүмү, 10 куткаруучу жана ыкчам топ тартылган, саат 01:03тө имарат толук курчоого алынып, өрт толугу менен 07:10до өчүрүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.

Жалпысынан өрттүн кесепетинен мектептин 480 чарчы метр чатыры толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан