Эң көбү Өзбекстандан келишет. Өлкөдө чет өлкөлүк канча студент окуйт? (статистика)

Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү. Өлкөдөгү Жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин көпчүлүк бөлүгү аймактардан келген студенттер. Ошону менен катар эле өлкөбүздөгү ЖОЖдордо башка өлкөлөрдөн дагы студенттер келип билим алышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөндөй, 2020-жылы КМШ өлкөлөрүнөн 43 миң 889 студент билим алышкан. Алардын арасында эң көбү Өзбекстандан (37 миң 571 студент). Ал эми эң азы Украинадан, тагыраагы 4 студент ЖОЖдордо окушкан.

КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер

Жылы 2015 2016 2017 2018 2019 2020
Баары 8908 8194 7653 8764 21049 43889
Анын ичинде:
Азербайжан 56 153 33 132 21 11
Армения - - - 2 - -
Беларусь - - - - - 42
Казакстан 5184 4655 3294 2479 2083 2178
Молдавия 3 - - - - -
Орусия 1186 910 1535 1622 1844 2005
Тажикстан 1840 1864 1856 2365 2439 1932
Түркмөнстан 111 60 51 100 121 146
Украина 9 12 2 1 3 4
Өзбекстан 519 540 882 2063 14538

37571

Былтыркы жылы өлкөдө КМШдан башка мамлекеттерден 19 миң 529 студент катталган. Алардын ичинен эң көбү Индиядан (12 миң 272 студент). Грузиядан бир студент билим алганы көрсөтүлөт статкомдун маалыматында.

КМШ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерден келген студенттердин саны

Жылы 2015 2016 2017 2018 2019 2020
Баары 5627 6520 8881 10862 15547 19529
анын ичинен:
Ооганстан 123 148 169 161 141 49
Кытай 187 269 273 220 204 99
Индия 3917 4745 6828 8662 10749 12272
Иран 7 2 1 3 9 7
Монголия 8 6 9 13 19 26
Непал 17 15 24 11 7 3
Сирия 16 14 16 20 24 21
Пакистан 413 390 579 830 3533 6003
Түркия 695 655 624 510 532 509
Грузия 1 - - 1 2 1
Башка өлкөлөр 243 276 358 431 327 539

Белгилей өтсөк, өлкөдө Жогорку окуу жайлардын студенттеринин саны 219 миң 30, колледждердин студенттеринин саны - 95 миң 991. Кесиптик лицейлердин студенттеринин саны 32 миң.

Республика боюнча 73 жогорку окуу жайы (анын ичинен 33ү мамлекеттик болсо, менчик - 40), 153 колледж, 99 кесиптик лицей бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан