ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Бүгүн студенттердин эл аралык күнү

Студенттердин эл аралык күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгрессинде бекитилген.

Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип, ал каза болгон.
Мындан улам Яндын сөөгүн жерге беришкен соң, 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган.
Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы 9 күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан.
Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган.
Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ал эми башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында ири майрам катары кабылданып, белгиленип келет.
17-ноябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан