1941-жылдын 17-ноябры кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. Бул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган. Кыргыз киносунун тарыхы 1942-жылы түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү "Кыргызфильм" киностудиясы менен тыгыз байланышкан.
1955-жылы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан. 1964-жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссёру Мелис Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген "Тайгак кечүү" толук метраждуу көркөм фильмин тарткан.
КИНО ЖАНА АЙТМАТОВ
1960-1970-жылдары "Кыргызфильмде" Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовдун чыгармаларын тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько ("Аптап", "Зной"), Андрей Кончаловский ("Биринчи мугалим" сыяктуу режиссёрлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага көтөрүлүү») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен. 1972-ж.Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет. Геннадий Базаров "Саманчынын жолу" тасмасын жарыкка чыгарган.
Муну менен бул жылдар аралыгында ушул төрт инсандын салымынын аркасында кино ааламы алдыга дагы бир секирик жасаган десек жаңылышпайбыз. Анткени бул тасмалар ошол жылдары эл аралык фестивалдарга катышып, жеңиш менен кайтып келген.
КЫРГЫЗ МУЛЬТФИЛЬМИ
Балдарга арналган алгачкы кыргыз мультфильми 1978-жылы жарыкка чыккан. "Сандардын талашы" аттуу фильмди режиссёр Сагынбек Ишенов тарткан. Андан кийин "Олокон", "Меке чал жана кар дөө", "Толубай сынчы" аттуу фильмдерди жараткан. Кыргыз анимациялык фильмдерин жаратуу аз чыгып жатканы албетте өкүнүчтүү. Бирок ошентсе да Кыргыз телевидениесинин алдында түзүлгөн "Дөөлөт" котормо-студиясы кыргыз менталитетине ылайыкташтырылган, таалим-тарбиялык мааниси зор чет элдик мультипликациялык фильмдерди которуп келет. Бул албетте, балдар үчүн чоң белек.
КЫРГЫЗ КИНОСУНА САЛЫМ КОШКОН ИНСАНДАР
Кыргыз киносуна аты аттын кашкасындай таанымал, кыргыз киносунун тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылган инсандарыбыз бар. Кино ааламында Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев сыяктуу өчпөс таланттарыбыз актёрлуктун кесип деген эмне экенин, маанисин ачып беришти. Ал эми 80-жылдары жогорудагы улуу муундун ордун баскан таланттуу, мыкты актёр, актрисалар Жамал Сейдакматова, Дүйшөн Байдөбөтов, Назира Мамбетова, Айтурган Темирова, Орозбек Кутманалиев, андан кийинчерээк Шайыр Касымалиева, Абдумалик Шерматов жана башкалар болду.
Ал эми 90-жылдары кино дүйнөсү оор кырдаалды баштан өткөрдү. Кино тартканга каражат жетишсиз болуп, бир топ кыйынчылыкты жараткан.
90-жылдардын аягы 2000-жылдардын башында кино дүйнөсү кайрадан жандана баштаган. Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир", "Маймыл" тасмалары, Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү" тасмалары, Мурат Мамбетовдун "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты" сериялары, ошондой эле Темир Бирназаров, Нурбек Эген сыяктуу режиссёрлор жараткан тасмалар кыргыз киносун жандандырды.
Бүгүнкү күндө таланттуу кино режисёрлорубуз жараткан эмгектери аркылуу эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып ийгилик жаратышууда.
Белгилей кетсек, Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган жана Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон. Ошондой эле жакында эле "Мыкты музыка" сыйлыгын жеңип алды.
Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына ээ болгон.
Ошондой эле Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы, Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы АКШнын Калифорния штатында эң абройлуу эл аралык "Палм Спрингс" кинофестивалында көрсөтүлгөн.
Аны менен катар режиссёр Актан Арым Кубаттын бир нече тасмалары эл аралык сынактарга катышып байгелүү орундарды жеңип келүүдө.