Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар. Бирок анын аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Каза болгондордун ичинен 5 жарандын аты-жөнү такталды. Алар:
1. О.А. 1961-жылы туулган эркек киши;
2. А.Ж. 1970-жылы туулган эркек киши;
3. М.Г. 1965-жылы туулган аял киши;
4. Т.О. 1960-жылы туулган аял киши;
5. Н.Б. 2001-жылы туулган аял киши.
Дагы эки аялдын аты-жөнү тактала элек.
Кечээ,16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.
SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган.