Бүгүн, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.
SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берди.
"Үрөй учурган жол кырсыгы бүгүн, 16-ноябрь күнү саат 11:30дар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон. Анда жүк ташыган унаа менен эл ташыган Спринтер унаалары сүзүшкөн. Алардын артынан Daewoo Nexia унаасы барып сүзүлгөн. Натыйжада эл ташыган унаадан 7 адам жеринде каза болгон. Калгандар ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда жеринде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Ал эми каза болгондордун аты-жөнү тактала элек. Ошондой эле 3 унаанын тең айдоочулары учурда ооруканада.
Алдын ала маалыматтарга караганда эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.