Юрий Бобковго дайындалган 2 операциянын биринчиси ийгиликтүү жасалды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кеткен. Анын бир бутуна Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Юрий Бобковдун жубайы Асель Осмонова бүгүн, 17-ноябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул ага дайындалган 2 операциянын биринчиси, экинчи бутуна келе жаткан жылдын январь айында жасалат.

"Операция 2 саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Азыр Юрий наркозу тарап, эсине келе баштады. Биз Стамбулда дагы 10 күндөй болобуз. Бардык процедураларга Акылбек Исаков аттуу мекендешибиз катышып, жардамын көрсөтүүдө", - деди Осмонова.

Буга чейин легендарлуу "Досум Үсөн" ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган. Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZULYA89
2021-11-17 13:14:41
Аллахым дартты берген,дабасын кошо берип,аман-эсен басып кетиниз таякты ыргытып.
+7
Take-72
2021-11-17 13:18:07
Кудайым шыпаасын берсин.Анча мынча кыргыздан коро кыргыз учун жан куйгузго н Юра абабыз аман болсун.
+8
nazira...
2021-11-17 14:20:16
А жакшы экен, шүгүр баарына дейли.
+5
Sajakat14
2021-11-18 04:09:41
Айыгып кетиңиз бат эле Бар байке! Кудайым өзү колдосун!☀️
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан