Бишкекте бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Орусиядагы мигранттардын абалын жакшыртууда мамлекеттик органдар тийиштүү иштерди жүргүзүүсү зарыл” деп билдирди. Анын айтымында, Орусияда азыркы мезгилге чейин мигранттарга карата мамиле жакшы болуп келген. Акыркы учурда армян, азербайжан өкүлдөрү тарабынан жасалган туура эмес иштерге байланыштуу жалпы мигранттардын абалы оорлошууда.
“Көп учурда мигранттардын күнөөсү тууралуу басым менен айтылат. Алардын укугу тебеленип жаткандыгы тууралуу сөз жок. Мисалы, Орусия же башка мамлекеттердин жаранынын башка өлкөдө укугу бузулса, ал катуу талкууну жаратат. Ал эми Кыргызстан андай деңгээлге жетише албай келет. Бул багытта мамлекеттик органдар тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл”,- деди ал.