"ЭЛДИК КАБАР": "Бирине түшсөң 35, экинчиси 25 сом алат. Кичи автобустарды ким көзөмөлдөйт?" дейт Сокулуктун тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анда ал Сокулук-Бишкек каттамы боюнча жол кире акысы туруктуу болбой жатканын айтты.

"Бишкек шаарында 1-ноябрдан бери жол акысы көтөрүлдү. Сокулук-Бишкек багыты менен каттаган менчик компанияны ким көзөмөлгө алат? Бирине түшсөң 35 сом, башкасына түшсөң 25 сом алат. Башыбыз деле айланып бүттү. Сокулук-Бишкек каттамын (эки) 369 жана 400 менчик компания тейлейт. Ушуну ким көзөмөлдөйт?", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-11-22 11:19:42
Туура айтат эрте менен 25 сомдон келгем түштө 35 тен алды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан