Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мелис Турганбаевдин Фейсбук баракчасына чабуул жасалды.
Массалык чабуулдун натыйжасында талапкердин үгүт кампаниясынын жүрүшү жана шайлоочулар менен күн сайын жарыяланып турган жолугушуулары тууралуу кеңири чагылдырылган аккаунту убактылуу жабылган.
Учурда бардык маалыматтар талапкердин расмий баракчасына жайгаштырылып, аккаунту 24 сааттын ичинде калыбына келтирилет.
Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Мелис Турганбаев тууралуу фейк материалдар системалуу түрдө таратылып жатканы айтылган.
Талапкердин штабы мындай ыплас инструменттер дайыма жарыштын фавориттерине каршы колдонуларын айтып, кесиптештерин таза күрөшкө чакырды.
Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 17-ноябрь. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.