БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясы Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Жогорку Сотко кассациялык даттануу берген.

Жогорку Сот 1-ноябрда кассациялык даттанууну кароо боюнча сот процессинин датасын жана убактысын 2-ноябрга саат 15:00гө дайындаган.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык даттанууну кайтарып берүү жөнүндө Жогорку Соттун 1-ноябрдагы аныктамасын алды.

Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деп БШКнын арызын кайтарып берген.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы соттун көрсөтүлгөн аныктамасы менен таанышып чыгып, кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жана кароо жөнүндө өтүнмөнү тиркөө менен бул маселе боюнча кассациялык даттанууну кайталап берди, анда Жогорку Соттон бир катар жагдайларга көңүл бурууну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан