"Ош электр": "Кадамжайда электр жарыгы чектен ашык колдонулгандыктан жылыткычтарга пломбалар басылды"

Жергиликтүү маалымат булактарында Кадамжай райондук РЭСи үйлөрдү кыдырып, ашыкча электр жылыткыч, мештерди колдонууга тыюу салынганын жергиликтүү тургун Наргиз Мадеминова Фейсбук баракчасына жазган.
Буга байланыштуу "Ош электр" ишканасынан төмөнкүдөй билдирүү таратышты.
"Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу электр энергия өндүрүп чыгаруу баштапкы жылдарга караганда азайды. Муну менен катар эле керектөөчүлөрдүн саны да кескин түрдө өсүүдө. 2021-жылдын 10 айдын аралыгында «Ош электр» ААКсы боюнча калк абоненти 12 миң 867 көбөйдү", - дешти ишканадан.
Ошондой эле жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталган.
"Энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана электр тармактардагы авариялык абалды алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Ош шаарында рейддер бекитилген тартипте уюштурууда.
Рейддердин жүрүшүндө электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталып жатат.
Чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч жана башка жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө", - дешти ишканадан.
Белгилей өтсөк, буга чейин Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери бекитилген.
16-ноябрга карата бекитилген лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 31 миллион 500 миң кВт саат же 21,6 пайызга ашыкча. Ал эми Кадамжай РЭСи боюнча 3 миллион 300 миң кВт саат же 24,4 пайыз ашыкча болуп жатат.
«Ошэлектр» ААКсы жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр жана башка) колдонууну эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Rusbayastan
2021-11-18 10:04:14
Бул башталышы
+3
AJow
2021-11-18 10:19:04
Мындай кылып чаптайбыз деген кимдин идеясы болду экен? Бул менимче мыйзамсыз! Биринчиден, макулдашылган эмес. Экинчиден, моор(печать)жок. Учунчудон, айып пулдун(штраф) баасы жазылган эмес!
+3
Dembele84
2021-11-18 10:40:20
Кайра эски жашоого кетип жатабыз онукпой эле.Озубуздон чыккан комур асмандын башына чыкты,эт,май баары кымбат,хотя баары озубуздуку.Бензинди башка жактан келди деп которгону жетишпей жатабы буларга?Садыр кыйнадын элди
+6
Alixan-Nookat.2015
2021-11-18 12:30:14
Dembele84,Эски жашоодо дагы мындай болгон эмес электр мештерине мөөр басып.
+3
modem4999
2021-11-18 10:49:09
Тонуп отура бергиле дешиптир да,
+2
Apiz
2021-11-18 10:59:22
Ушул жашоого озубуз куноолубуз. Куноону чондорго жуктой бербей,ошол чондорду убакында татыктуусун чын журоктон татыктуусун тандашыбыз керек эле,болбогон бир акчага алданбай.
+1
Apiz
2021-11-18 11:00:55
Ошондо Лампочка жарытпай эле очуп жок болоттойго.
+4
Alixan-Nookat.2015
2021-11-18 12:33:01
Элдин жашоо турмушу аябай оорлоп баратат, суу өзүбүздө туруп электр энергиясына жетпей жүрөбүз, суу агып кетип жатат кошуна өлкөгө. Уят бийлике үйдөгү электр мештерине пломба басып мындай буга чейин болгон эмес.
+4
karabet
2021-11-18 16:42:35
Туштуктогулор, ыраазысынарбы ?? за то силер хандарынарды бошотуп алдынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан