Марк Цукербергдин Meta компаниясына таандык Instagram Threads мессенжери жабыла турганын "TechCrunch" басылмасы жазды. Threads - Инстаграм үчүн кошумча тиркеме. Анда колдонуучулар менен тексттик билдирүүлөрдү, видеолорду, сүрөттөрдү жана окуяларды, ошондой эле смартфондун жайгашкан жерин, кыймыл ылдамдыгын жана кубаттуулуктун абалын бөлүшүүгө болот.
Инстаграм 23-ноябрдан баштап Threads колдонуучулары кызматтын жакын арада токтотулушу тууралуу эскертмелерди алышарын жана жылдын аягына чейин аны толугу менен өчүрүлө тургандыгы айтылат маалыматта.