"Тамашоучу", тамада, "Эл эмне дейт?" долбоорунун сценаристи, вайнер, актёр Актан Рыскелдиев ак өргөөлүү болду. Ал батирди 7-кабаттан алды. Бул туурасында өзү менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.
"Кооператив аркылуу 3 бөлмөлүү батир алдык. Жаңы үйүбүзгө көчүп, эмеректерди коюп алгандан кийин конокторду чакыра баштадык. Биздин эң алгачкы коногубуз ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз болушту. Сиздерге дагы жуксун", - дейт актёр.