"Улуттук энергетикалык холдинг" электр жылыткычтарды колдонууга тыюу салынды деп тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын маалымдайт. Аталган мекеменин маалымат кызматынан электр жарыгын ашыкча колдонгон абоненттердин гана электр жылыткычына пломба басылганын билдиришти.
"Абоненттердин көрсөтүлгөн чектеги электр жарыгын туура пайдалануусу боюнча инвентаризация жүргүзүлдү. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимин бузган абоненттердин жылытуу казандары пломбаланды.
Ошол эле учурда Кадамжай районунун аймагындагы жылытуу приборлорун пломбалоо социалдык тармактарда көрсөтүлгөндөй, тиричилик абоненти тарабынан эмес, коммерциялык керектөөчү тарабынан жасалгандыгын маалымдайбыз", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Кадамжай райондук РЭСи үйлөрдү кыдырып, ашыкча электр жылыткыч, мештерди колдонууга тыюу салынганын жергиликтүү тургун
айтып чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери бекитилген.
16-ноябрга карата бекитилген лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 31 миллион 500 миң кВт саат же 21,6 пайызга ашыкча. Ал эми Кадамжай РЭСи боюнча 3 миллион 300 миң кВт саат же 24,4 пайыз ашыкча болуп жатат.
"Ош электр" ААКсы жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр жана башка) колдонууну эскертет.