Татарстандын президенти Рустам Минниханов бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келди.
"Манас" эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.
"Бул сапардын алкагында Рустам Миннихановдун Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуусу болору күтүлүүдө. Мындан тышкары Татарстандын лидеринин кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда", - деп билдиришти президенттик администрациядан.