Акылбек Жапаров Армениянын өкмөт башчысы менен кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолугушту. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады дешти министрлер кабинетинин маалымат кызматынан.

"Жолугушууда кыргыз-армян экономикалык байланыштары, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттенүүлөрдү кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөлөр ортосунда ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Пикир алышууда экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жолдору талкууланды. Эки өлкөнүн экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан