SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылды. Анда ал айылда курулган арка шамалда кулап калганын айтып, коопсуздук эрежелери сакталбаганына нааразы болду.
"Ноокат районунда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Сарыканды аркасы шамалга кулап калган. Маселе кулап калганы эмес. Маселе коопсуздукта. Эч кандай коопсуздук сакталган эмес. Кулаган учурда унаа же адамдын үстүнөн басып калса жоопкерчиликти ким алмак?
Орноткон учурда жөн эле тургузуп гана пена куюп коюшкан. Тактап айтканда, килейген темирди клей менен эле орнотуп койгон", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.