Сот талапкер Равшан Жээнбековго теледебаттарга катышууга уруксат берген жок

Сот талапкер Равшан Жээнбековго теледебаттарга катышуусуна уруксат берген жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өтүнүч каты менен Биринчи Май райондук сотуна Равшан Жээнбековду 16-ноябрь күнү теледебатка катышууга уруксат сурап жазган. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. Мындан улам талапкер теледебатка катышкан эмес.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча бир нече фактылар боюнча шектелип камакка алынган. Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтүп, БШК саясатчынын документтерин каттоодон өткөргөн.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан