«Ата-Журт Кыргызстан» менен кимдер бара жатат? (2-бөлүк)

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын дүбүртү катуу чыгууда. Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добушун да «ата-журт кыргызстанчылар» алары айкын болуп калды. Буга чейин аталган партиянын тизмесиндеги талапкерлер менен тааныштырганбыз. Калган талапкерлер менен да тааныштырууну улантабыз.

Замирбек Эсенаманов (№6). Саясаттан, мамлекеттик башкаруу иштеринен кабары барларга жакшы тааныш инсан. Тажрыйбалуу жетекчи жана саясатчы. Буга чейин депутат болуп үзүрлүү иштеген. Көп жылдар бою аткаруу органдарында жетекчилик кызматтарды аркалагандыктан мамлекеттик башкаруу иштерин жакшы билет. Замирбек мырзанын жетекчилик тажрыйбасы чыны менен бай. Ири өндүрүш ишканасын жетектеген, райондун акими, министр болгон. Мыйзам чыгаруучу катары да натыйжалуу иштеп, бир канча мыйзам долбоорлорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосунан өткөргөн.

Мамлекет үчүн кылган эмгектери жогору бааланып «Кыргыз Республикасынын Өнөр жайынын эмгек сиӊирген кызматкери» наамына, «Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси» класстык ченине, ошондой эле «Даӊк медалы” – Мамлекет алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн» мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Жогорку Кеңештин курамында Замирбек Эсенамановдой тажрыйбага бай, көптү көргөн, көптү билген инсандын болуусу элдин да, мезгилдин да талабы.

Надира Нарматова (№8). Өзүнүн билими, акылы, тажрыйбасы жана чындыкты айта билген сапаттары менен кыргыз саясатында келаткан айымдардын бири. Надира айым элге жакындыгы менен айырмаланат. Качан карабайлы, карапайым элдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн безилдеп, чырылдап жатканын көрөбүз. Духунун күчтүүлүгү, жүрөктүүлүгү жагынан айрым эркектерди артка калтырат. Ага Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп турганда күбө болгонбуз. Эмгек жолун атактуу колхоздо жаштар бригадасын жетектеген бул айым андан кийин мектептин мугалими, директору болуп иштеди. Райондогу бардык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды аркалады десек болот. Ошол себептен аймактардагы элдин жашоосун, көйгөйлөрүн жакшы билет. Анын элге жакындыгынын бир себеби да ушунда.

Билими да, духу да, кайраты да бар Надира Нарматовадай айымдар Жогорку Кеңешке шайланып келсин!

Таалайбек Масабиров (№11). Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Депутаттыкка чейин Бажы тармагында иштеп келген. Тармактын катардагы инспекторунан тартып, Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары да болгон. Төрт жогорку билимдин ээси.

Мындан сырткары, Таалайбек мырза дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Спорттун бул түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп, өлкө намысын коргогон.

Жогорку Кеңештин депутаты катары жаман иштеген жок. Дайыма шайлоочуларынын көйгөйлөрүн, чечилүүгө тийиш болгон күндүн маселелерин көтөрүп келди. Аткаруу бийлигинин мүчөлөрүнүн иштеринин жакшы жактарын да, кемчиликтерин да айтып турду.

Камила Талиева (№12). Билими, эмгек жолу боюнча да педагог, Филология илимдеринин кандидаты. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты. Депутаттыкка чейин ЖАМУда жаштарды тарбиялоо, билим берүү чөйрөсүндө иштеп келди. Андан соң 2005-2008-жылдары Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басарлыгын аркалады. 2010-2012-жылдары ЖК депутаты, вице-премьер-министр, маалымат жана туризм министри болуп иштеди. Учурда кайрадан педагогдук кесибине кайтып, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте ардактуу окутуучу катары студенттерге сабак берип келүүдө. Докторлук диссертациясын ийгиликтүү жазып, жакынкы убакытта аны коргоонун алдында турат.

Камила Талиеванын бетке чабар, чындыкты түз айтар мүнөзү болгондуктан элдин баарына тегиз жага бербейт. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты үчүн бул эң керектүү сапат экенин танууга болбойт. Балыктай болуп үн катпас, бийликти мактап, жактагандан башканы билбеген эл өкүлдөрүнө караганда Камила айымдай депутаттардын көп болгону жакшы.

Каныбек Нарбаев (№13). Билими боюнча архитектор. Айтылуу Аксынын кулуну. Эмгек тажрыйбасы жалаң Бишкек шаары менен байланышкан. Анткени борбор калаабыздын архитектура, курулуш тармагында иштеп келди. Катардагы архитекторлуктан тармактын жетекчилигине чейин жеткен. Бул жагынан алганда Каныбек мырзаны Бишкектин курулушун, инфраструктурасын эң жакшы билгендердин, борбор калаабыздын генпланын түзүп, аны ишке ашырууга катышкандардын бири десек жаңылбайбыз.

Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү, Эл аралык көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү-академик, Эл аралык архитектура академиясынын профессору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу.

Жогорку Кеңеште ишкерлер, спортчулар, юристтер эле болбостон Каныбек мырзадай архитекторлор, шаардын облигин түзүүгө катышкандар да болсо, андан мыйзам чыгаруу бийлиги утушка гана ээ болот.

Гүлсүнкан Жунушалиева (№16). Бул ысым көпчүлүккө белгисиз болсо да, болочоктогу ак халатчандарга жакшы тааныш. 1992-жылы Россиянын жогорку окуу жайынын философия факультетин аяктап келгенден бери окутуучулукту ийгиликтүү аркалап келатат. 1998-жылдан тартып И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасында келечектеги дарыгерлерди философия дүйнөсүнө сүңгүтүп, алардын дүйнөтаанымдарын кеңейтүү үстүндө үзүрлүү иштеп келүүдө. Окутуучулуктан сырткары аталган окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректорлугун да аркалайт. Философия илимдеринин кандидаты. Эл агартуунун отличниги.

Көрүнүп тургандай, Гүлсүнкан айым билимдүү, илимдүү айым. Окутуучулуктан келгендерден жаман депутаттар чыккан эмес. Андыктан Гүлсүнкан Жунушалиева да шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп, парламентке барып калса, анын элдин ишеничин актаган мыкты депутат болорунда шек жок.

Бахтияр Кадыров (№18). Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Азчылыктын өкүлү. Кесиби боюнча тарых мугалими. Кезинде Бишкектеги №11 орто мектептин тарых мугалими, №29 мектеп-комплексинин директору болуп иштеген. Алгач борбор калаанын экономикалык жана саясий турмушуна аралашууну чечип, БШКнын депутаты болсо, 2010-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин депутаты катары активдүү, демилгелүү болду. Бир канча мыйзам долбоорлорун даярдап, өткөрүүгө катышты.

Андан кийинки жылдары БШКнын мүчөсү болду, Президенттик администрациянын кечирим берүү комиссиясынын катчылыгында иштеди. Бахтияр Кадыров компетенттүү, өзүнө жүктөлгөн милдетти жоопкерчилик менен аткара билген адам. Кайсы жерде иштебесин өз милдетин мыйзам чегинде, абийирдүүлүк менен аткарып келатат.

Бахтияр Кадыров коомдук иштерде да активдүү экенин белгилей кетели. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн отличниги. «Ала-Тоо» КВН расмий лигасынын негиздөөчүлөрүнүн бири. КМШ өлкөлөрүндө ар жыл сайын өткөрүлүчүүчү «Балдар шериктештиги» маданий – билим берүү форумунун уюштуруучусу.

Бактыяр Калпаев №22. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын курамында активдүү, демилгелүү, эл, жер үчүн ак кызмат кылсам деген бир катар жаштар шайлоого катышууда. Алардын катарында Бактыяр Калпаев да бар. Бул жигит Баткендин кулуну болгондуктан коомчулукка чек ара маселелерин активдүү көтөрүп келаткандыгы менен белгилүү. Чек ара аймактарында кандай маселе жаралса, ага кайдыгер карабай тиешелүү кызмат адамдарына кайрылууларды жасап, көйгөйлөрдү чечүүгө, тынчтыкты камсыз кылууга чакырып келет. Өлкөбүздүн эртеңки күнүнө, элибиздин турмушуна кайдыгер карабай, социалдык тармактарда дайыма бийликтин туура эмес иштерин, кемчиликтерин айтып, конструктивдүү сынга алып турмайы бар.

Билимге умтулган, өлкөмө кызмат кылсам, пайдамды тийгизсем деген жаштардай эле Бактыяр Калпаев да жогорку билим алган. Кесипкөй юрист. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ар кайсы мамлекеттик органдарда юрист болуп иштеп келген. Эки жыл Жогорку Кеңештин аппаратында да иштеген. Демек, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныш.

Жогорку Кеңештин жаңы курамына тажрыйбалуу, такшалгандар менен бирге жаштар, жаңы жүздөр келсин десек, анда дал ушул Бактыяр Калпаевдей жаштарды колдоп, шайлап алышыбыз керек.

Шүкүрбек Эркебаев (№29). Айрымдардай болуп чоң кызматтарда, саясий бийиктиктерде жүрбөсө да Шүкүрбек мырзанын саясатта кайнап келаткандыгына көп болду. Көп жылдардан бери ишкерликте жүрүп, ал чөйрөдөгү мыйзамсыз, туура эмес көрүнүштөр, акыйкатсыздыктар Шүкүрбек мырзаны чоң саясатка алып келди. Ошондон бери саясат менен алпурушуп келе жатат. Өзүнүн туруктуу принциби, позициясы бар. Ал элге, өлкөгө чыркыраган чындыкты айтуу менен кызмат кылуу. Ар дайым чындыкты айткандан чарчабайт. Мейли, оппозициясыбы, позициясыбы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы турган жерде чындыкты баарынан жогору коёт.

Билими боюнча юрист. Юриспруденциянын тилин түшүнгөн, чындыкты айткандан артка кайтпаган, элге жакын адамдар Жогорку Кеңештин курамында болсо, андан элибиз гана утат.

Фархад Бекманбетов (№38). Маданияттын, искусствонун адамы. Кесиби боюнча экономист, юрист болсо да өз ордун маданият тармагынан тапкан. Кыргыздын айтыш өнөрү бүгүн жогорку бийиктикке жеткен болсо, анда Фархад Бекманбетовдун да салымы бар. 2006-2012-жылдары «Айтыш» коомдук фондун жетектеп, бул өнөрдү өнүктүрүп, жайылтууда чоң кызмат кылган. Жеке өзүнүн жетектөөсү менен 30дан ашык эл аралык айтыштарды уюштурган. «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп эсептелет. «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Продюсер катары тарыхыбызды даңазалаган «Курманжан датка» баштаган 40тан ашык тасмаларга продюсерлик кылган. Бул жагынан Фархат мырзанын эгемендүүлүк мезгилдеги улуттук киноиндустриянын өнүгүүсүнө салым кошуп келатканын белгилеп кетүүгө болот.

Маданият тармагында жасап жаткан иштери эске алынып, маданият жана маалымат министринин орун басарлыгына, мамлекеттик цирктин директорлугуна дайындалган. Бул кызмат орундарында тармакты өнүктүрүү үчүн көп иштерди аткарууга жетишкен.

Эгерде Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылыштарын карап көрсөк, дайыма маданияттын, искусствонун өкүлдөрү аз болуп келген. Ал эми маданиятсыз мамлекеттин өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан маданият тармагында «кайнап» келаткан Фархад Бекманбетовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлап алалы!

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «SUPER.KG» тарабынан 2021-жылдын 19-ноябрында чыгарылды, нускасы 1 даана, дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Турусбеков көч.109, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан