Жоюлуп кеткен Финпол кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев акталды

Жоюлуп кеткен Финпол кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев акталды. Бүгүн, 19-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда анын иши каралды.

"Соттун өкүмүнө ылайык, Эмил Жамгырчиев Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүгү, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоодо күнөөсүз деп табылды жана анын жосундарында аталган кылмыштардын курамы жоктугу үчүн акталды", - дешти мекемеден.

Сотто жабырлануучу тарап койгон дооматтарынан баш тарткандыгына байланыштуу Бактыбек Калмуратовдун беренелеринин бирин сот алдамчылык деп өзгөртүп, кылмыш ишин токтотту.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан кармалган. Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылы мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыян төлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан