Президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлө турганын айтты

Бир жыл чыдаңыздар, эми айлык акыңар көтөрүлүп, силерге заманбап шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

"Бир жыл чыдап, белиңерди бекем бууп иштеп бергиле. Силердин айлыгыңар бир айдан экинчи айга жеткендей болот. 2021-жылы келгенде айлык акыңар көтөрүлөт дегем. Эми жакынкы күндөрү айлык акыны көтөрү боюнча жарлык даярдап жатам. Ошол эле убакта мамлекет тарабынан катуу көзөмөл болуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн катуу иштеп берүүңүздөр керек. Биз аны дагы талап кылабыз. Алдыда жакшы иштер аткарылсын", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан