Бүгүн, 20-ноябрь күнү акысыз көрүп калуу үчүн Тарых музейинде кезек күткөндөр көбөйдү.
Кечээ, 19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Бишкектеги Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өткөн.
Ал эми биринчи он күндүктө, тактап айтканда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.