Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, Жаз-Кечүү айылынын азаптуу жолу тууралуу айтып берди.
Анын айтымына караганда, аталган айылдагы жол оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн кышында кар жааганда жол жабылып калат.
"Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылынын азаптуу жолдору. Деги эле мамлекет биз жөнүндө ойлоор бекен? Жок дегенде бир жылда бир жолу сүрдүрүп койсо, эл бийликке ыраазы болмокпуз. Жайдын күнү же кышында сүрүлбөйт. Биз бийликтин өгөй балдарыбызбы?
Жайкысын жашоочулар өзүбүз акча топтоп сүрдүрөбүз. Алты ай гана техника каттайт. Дагы каар жааса, май айына чейин шаарга ат менен каттайбыз. Ушул видеолорду президентибиз Садыр Жапаров көрсө, ушундай айыл бар экенин билсе жардам берип калаар деген үмүттөбүз", - деп билдирди тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.