18-ноябрда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Сумаянын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу Сузак РИИБинин кызматкерлери 100дөн ашуун жергиликтүү тургун менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жарандарга бүгүн, 22-ноябрда Сузак районунун борбордук бөлүгүндөгү аянтчадан Сумая тууралуу маалыматтар берилди. Издөө иштерине тартылган милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар айылдарды аралашып, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат.
Ошондой эле талаалар, сай бойлору да текшерүүгө алынууда. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Кандайдыр бир маалымат болсо, милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну өтүнүшөт. Байланыш телефону: 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70", - деп жазылат маалыматта.