Дастан Бекешев “Тез жардам” кызматкерлеринин айлыгын көтөрбөсөк болбойт” деди

Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев “Тез жардам” кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү зарыл экенин билдирди. Айтымында, алардын маянасын көтөрбөсө, бул тармак эртеби-кечпи чоң көйгөй жаратышы мүмкүн.  

“Дайыма коррупцияны кыскартуу боюнча сөз кылабыз, бирок маяналар тууралуу айтпайбыз. Бишкекте “Тез жардам” кызматкерлеринин айлыгы 7000 сом. Алар моралдык, юридикалык жана каржылык жактан корголгон эмес. Кийип жүргөн формасын да өздөрү сатып алышат”,- деди Бекешев.  

Депутат айрым тармактагы каражаттарды кыскартып, “Тез жардам” кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү керектигин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан