УКМКнын төрагасынын орун басары Жаныбек Жоробаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жаныбек Жоробаев ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.