Шайлоо процессине бюджеттен 623 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кеңешмесине катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкө жетекчилигинин саясий эркине жараша шайлоо процессинин шарттары өзгөртүлдү. Ал президенттин өлкө парламентинин депутаттарын шайлоону эркин, ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

"Билим берүү, медициналык тармактын кызматкерлерин, техникалык персоналдарды шайлоо процессине тартууга тыюу салынган. Биздин милдет – жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, шайлоо участкалары керектүү жабдуулар, байланыш жана интернет менен жабдылган. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн.

"Коронавирустук инфекция пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо участкасында тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керек. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Шайлоо участкалары интернет, электр генераторлору, пандустар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн чакыруу баскычтары менен камсыз болушу керек", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2021-11-24 02:32:45
Итибай менен питибайдын аты жазылган актай барак учун кеткен кайран миллиондогон акча.Шайлоодон башка проблема жокпу?Пайдалуу нерсеге иштетсе болмок ушунча акчаны,жулунуп келе жаткандын баарынын коз алдына кайсыл жерден жула качып жеп кетсем деген гана ой.2ге 2канча десен 5 болсо керек дегендер топтолду да калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан