"Ишеним" партиясынан талапкер Чолпон Султанбекова шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ишеним” партиясынын атынан талапкер Чолпон Султанбекова үгүт өнөктүгү башталгандан бери шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Албетте, бир ай ичинде бүтүндөй Кыргызстандын ар бир айылын кыдырып чыгуу мүмкүн эмес. Ошентсе да ал алыскы Лейлек районунун айрым айылдарын кыдырууга үлгүрдү.

Ал эми көпчүлүк жолугушуулары Кадамжай районунун айылдарында өттү. Себеби Чолпон Аалыевнанын негизги электораты да ушул райондо. Аталган райондун Өрүкзар, Ак-Тилек, Халмион, Чукур-Кыштак, Кыргыз-Кыштак сыяктуу бир топ айылдарын кыдырган Ч.Султанбекова “Ишеним” партиясынын шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, жолугушууга келген жергиликтүү жашоочулар менен кеңири баарлашууда.

Барган жеринде жергиликтүү тургундар талапкерди зор кубаныч жана урмат-сый менен тосуп алышууда. Себеби Чолпон Аалыевна он жылдан ашуун убакыттан бери Кадамжай району үчүн өтө көп иштерди жасап берген. Анын демөөрчүлүгү, уюштуруучулугу жана инвесторлорду тартып келүүсүнүн арты менен райондун бир катар айылдарынын жолдору, көпүрөлөрү, мектеп имараттары оңдолуп, суу насостору орнотулган. Ошондой эле жаштарды сергек жашоого үндөө максатында жасап келаткан иштери элге белгилүү.
Ч.Султанбекова депутат болуп шайланып алгандан кийин эле шайлоочуларын унутта калтырган депутаттардан болгон эмес. Ал ар дайым Кадамжай районуна келип, элдин ал-абалын сурап, көйгөйлүү маселелерин чечип берүүнү моюнуна тагылган милдет катары сезген. Ошондон улам райондун эли бул талапкерди өздөрүнө өтө жакын санашат.

Жолугушууларда дагы деле жол көйгөйлөрү, суу тартыштыгы, жумушсуздук сыяктуу маселелер айтылып келет. Мисалы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Өрүкзар айылынын жашоочулары райондон айылга кеткен трассанын 5-6 чакырым жерине асфальт төшөлүп калса жакшы болот эле деген каалоолорун айтышты. Ал эми Халмион айылында да жол, анан мектеп маселеси негизги маселелерден экени айтылды. Алга айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак айылында да жол, суу, трансформатор жана жумушсуздук көйгөйлөрү белгиленди.

Ошол эле убакта эч кандай маселени суранбай эле “Сиздин эмгегиңизди билебиз, андыктан шайлоодо толугу менен колдойбуз” дегендер да болду. Мисалы, Кыргыз-Кыштак айылынын жашоочулары Ч.Султанбекованын аларга суу чыгарып бергенин, айылдагы мектептин курулушунун жүзөгө ашканына өзгөчө салымы бар экенин баса белгилешти.

Демек бул маселелерди кантип чечүүнүн жолун Чолпон Султанбекова абдан жакшы билет. Аларды Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүп, керектүү мыйзамдарды кабыл алдыруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө эл өкүлүнүн негизи милдети болуп саналат. Талапкер канча айылдын эли менен жолугушкан болсо, алардын баарында Чолпон Султанбековага терең ишеним артып турушат. Албетте, эл тарабынан артылган ишенимди актоо – талапкердин негизги максаты. Муну ал сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да далилдеп келатат.

«Ишеним» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 24-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).


Чолпон Султанбековага артылган ишеним
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан