Буга чейин мас абалда унаа башкарган. Ырчы Иса Өмүркуловдун дагы башка окуясы тууралуу видео

Ырчы Иса Өмүркуловдун мас абалда унаа айдап бара жаткан видеосу NewTV Патруль каналына жарыяланды. Анда ырчы Тойота Ист үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатканда кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулуп, андан кийин наркологиялык борборго жеткирилгенин көрүүгө болот.

Наркологиялык борбордун адиси ырчы буга чейин да келгенин айтат. Ал эми Иса Өмүркулов 2 күн мурда келгенин ырастаганын байкоого болот. Андан кийин унаа айып короосуна токтотулат.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул видео интернетке 1 ай мурда чыккан.

Бүгүн, 24-ноябрда Октябрь РИИБине ырчы Иса Өмүркулов Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эсеп төлөбөй жаткандыгы кабарланганы маалымдалган. Окуя боюнча аталган кафенин администрациясы маселе жөнгө салынганын айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартышты.

Азырынча жогорудагы окуялар боюнча ырчы менен байланышуу мүмкүн боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-11-25 00:38:28
Бул ырчыларлы "Маданият кызматкерлери" дебей, "Бузукулук кызматкерлери" деш керек, себеби булар сахнага чыкканда эле сулуу чымчык болуп алышат, атак обычный жашоодо өтө жаман сөздөр менен сөгүнүп, ичип-чегип эле ващше ыплас жүрүшөт.
+9
Isken90
2021-11-25 09:34:22
Ичсе ичиптирда эркекго бирок машина айдаганы туура эмес мас абалда
+5
ainura220888
2021-11-25 11:21:43
Черный пиар!
+1
Mister-XXX
2021-11-25 12:40:14
Биринчиден,бул чычкакты ырчы деп эсептебейм.Озу обон жазып ырдаса бир жон.Фонограмма менен оозун кыймылдаткан маймылдын да колунан келет.
Экинчиден,звезда болуп көпкөн убагы экен.Өтө көөп бараткандардын,бир күнү жели чыгат.
+4
Isken90
2021-11-25 16:11:36
Mister-XXX,эркекче жооп берипсин
+2
Erlan_95
2021-11-25 19:45:57
Супер кжге бироо ушуну жаман корсоткуло деп акча бериптир. Коп конулго албай эле койгула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан