Дебат: "Бири-бирине дал келбеген мыйзамдар толтура". Депутаттыкка талапкерлердин мыйзамдарды инвентаризациялоо тууралуу ойлору

Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда талапкерлерге: "Учурда мыйзамдарды инвентаризациялоо жүрүп жатат. Бул маселеге кандай мамиле керек? Сиздердин көз карашыңыздарда кандай басым жасалганда, кандай өңүттөгү иш жүргөндө натыйжалуу болот эле?" деген суроо берилди.

"Күчтүү регион" партиясынын жообу: "Бүгүнкү күндө инвентаризация абдан жакшы демилге. Жүздөн ашуун мыйзам менен алып барганда бири-бирине каршы келип калган мыйзамдарды жоюушубуз керек. Туура шарттарды түзүп берүү зарыл. Мисалы, ыйгарым укуктар 2013-жылы кабыл алынганы менен бүгүнкү күндө коомдо өз ордун таппай келет. Бул жерде эки маселеге көңүл бурулган эмес. Каржы жана аткара турган адис. Же болбосо сатып алуу мыйзамын кабыл алганда жеринде адистер берилген эмес. Биз кийин ал адистерди окуттук. Бизде биринчи мыйзам кабыл алып, андан соң аткара турган жана каржы булактарды карап жатабыз".

"Ордо" партиясынын жообу: "Эгер инвентаризация маселесин азыркы "чөнтөк парламент" карай турган болсо же жаңы парламентке сунуш кылына турган болсо бул жерде эки ачакейлүү маселе жаралат. Эгерде мыйзам дей турган болсок, анда азыр биз алтынчы чакырылыштын депутаттарына суроо беришибиз керек. Алар мыйзамдуу отурушабы же мыйзамсызбы? Анткени Конституцияда 5 жылдан ашпаш керек деп так жазылып турбайбы.

Бүгүнкү күндө ооба, инвентаризация, албетте керек. Жылына парламентте бир жарым миңдей мыйзам кабыл алынат. Мына алтынчы чакырылыш парламенттин кебетесин кетирди. Алар мыйзамдарды жаза беришет. Бири-бирине дал келбеген мыйзамдар толтура.

Азыркы жаңы жазылган мыйзамдарды деле карап көрөлү. Конституцияда Жогорку Кеңешке талапкер 25 жашта болушу керек деп жазылып турат. Ал эми жогорку билими боюнча такталган маалымат жок. Мына бул жерде эле эки мыйзам бири-бирине карама-каршы болуп жатат. Баштай элек жатып эле мыйзамдар туура эмес болуп жатса, анда кайсы орган мыйзамдарды инвентаризациядан өткөрүш керек.

Буга чейинки мыйзамдар абдан жакшы жазылган. Бирок аткаруу бийлиги өтө начар. Анткени парламент абдан начар иштейт. Анын кесепети аткаруу бийлигине тийип отурат".

"Ата Мекен" партиясынын жообу: "Парламент бүгүнкү күндө кокусунан жыйналган айылда шерине, түштүктө "гап" деп коёт, ошондой жерде отуруп бири-бирине тамаша айткан деңгээлге түшүп калды. Алар көчөдөн укканын мыйзам катары демилгелеп сунуштап, сен меникин колдоп бер, мен сеникин колдоп берем деп калышты. Мыйзамдарды инвентаризация кылыш үчүн максат ачык болушу керек. Ошол максаттар бир консепциянын рамкасында бир болушу шарт.

Бүгүн инвентаризация кыла алабызбы? Ошол консепцияны бирөө ачык, даана бизге, депутаттарга айтып бере алабы? Өкмөттүн жетекчилери бүгүн бирди айтат. Эртең "ии тура эмес экен" деп кайра оңдойт. Кыргызда айта берет, кайта берет деген нерсе бул бийликтин маңызын ачып койду. Мындай убакта инвентаризация болушу мүмкүн эмес. Ал үчүн бир багыт, бөлүктөрдү бириктирген бир консепция керек.

Мына ушул эле депутаттар айылдык депутат болуш үчүн жогорку билимдүү болуш керек деген сунуш киргизишти. Алар шайлоо укугунун тарыхын билишпейт. Убагында байлар гана добуш берген. Биз жүздөгөн жылдар күрөшүп жалпы шайлоо укугу деген укукка жеттик. Мында бардык адамдар добуш бере алат жана бардык адамдар эл өкүлү болуп шайлана алат. Айылда жогорку билимдүүлөр 10 эле пайыз. 90 пайызы карапайым адам. Эмне карапайым адам эл өкүлү болсо болбойбу? Мына ушунун өзү эле Конституцияга да каршы келет. Дүйнөлүк практикага да каршы келет".

"Ыйман Нуру" партиясынын жообу: "Мыйзам аткарылбаса мамлекеттин кадыры түшө берет. Көчөдө түкүрсөң 5 миң сом төлөйсүң деген мыйзамдын аткарылганы кана? Сөгүнгөнгө тыюу салынган мыйзамдын аткарылганы кана? Мыйзамдын аткарыла турганын кылалы аткарылбай турганын жокко чыгарып коёлу. Мындан тышкары мыйзамды аткарууда таалим-тарбия кампаниясы керек. Карасаңыз, азыр жөн эле формалдуу да мисалы, азыр бардык жерде "бет капсыз кирүүгө болбойт" деп жазылып турат, бирок ичинде баары эле бет кабы жок жүрөт. Бул багытта өтө олуттуу иштер керек.

Бизге бир мыйзам керек. Айыл жергесинен билимдүү жаштар келип жатат. Алар ЖРТдан көп балл алса дагы чет өлкөдө окуй алышпайт. Эмнеге? Акчасын төлөй албайт. Ошон үчүн алтын, күмүш түгөнөт дейт. Адамдын акылы алтын, күмүштү өзү табат. Биз кен байлыктарга инвестиция кылбай, адамдардын кенчи акыл-эсине инвестиция кылышыбыз керек. Мамлекет Оксфорд, Кембридж, Гарвард сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы 20 университетине пайызсыз ссуда берип окутуп ала турган шартты камсыздаган мыйзам керек. Анткени кадрлар баарын чечет деген сөз бар эмеспи".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан