Редакцияга Гүлканыш Асанбекова аттуу айым кайрылып, 71 жаштагы бир тууган эжеси Айганыш Жапарова өз кызы тарабынан сабалганын айткан эле. Айганыш апа учурда сиңдиси Гүлканыштын үйүндө экен. Көзү, колдору көгөргөн апа кызынын мамилеси, өзүнүн тагдыры боюнча төмөнкүчө баяндап берди.
"Кызым мени өзүмдүн үйүмдөн эки, ооруканадан бир, өзүнүн үйүнөн эки жолу сабады. Кызымдын үйүнө апрелде келгем. Ошондон ушул күнгө чейин тозокту тирүүлөй көрдүм, тиги дүйнөдөгү тозок кандай экенин билбейм. Ыйлайм, өкүрөм, бакырам, Кудайга үнүм жетеби деп... Андан башка эмне кылам (ыйлап). Азыр кызымдын кебетесин көргөндөн корком, жүрөгүм зырпылдайт. Айтпаган сөздөрдү айтып сөгөт, "тажадым сенден, 10 бир тууганың бар, алар сени эмнеге алып кетпейт" дейт.
Кызым "ырыскымдын баарын ичип, жеп жатасың" деп кыйкырып, өкүрөт. Эмнеңди кем кылдым десем эле жаакка чаап жиберди. Баласы экөө менден өзүнчө бөлүнүп тамак ичип башташты. "Сен өзүңдүн тамагыңды өзүң жасап ич" деди эле, ага деле макул болдум", - дейт ал.
Кызынан акыркы жолу ур-токмок жеген күнү тууралуу буларды айтып берди.
"Ошол күнү электр жарыгы жок болду. Неберемди дүкөнгө жиберсем нан жок экен. Анан сиңдиме чалып, ушинтип отурабыз дедим. Ал тамак-аш жеткирип кеткенден 1 сааттан кийин эле кызым келди. Столдогуларды көргөндөн кийин дагы уруш башталды. Керебетте отурсам түртүп жиберди, "төшөктү оңдойм, сен сасытып, чиритип бүтмөй болдуң, жана бир туугандарың келиптир эмнеге кеткен жоксуң алар менен, бүгүндөн калбай кет" деп кирди.
Сабаганда жыгылып калып, тургузганга жардам бергиле десем эч кимди жолотпойт. Колдорумду каната урганда спирт сурасам "өлбөйт бул, жардам бербе" деп неберемди, мени караган кишини да жолотпойт", - деп жашыды.
Бир тууганын сабалган абалда көргөндөн кийин Гүлканыш Асанбекова милиция чакырткан. Ал эжесинин кызына тиешелүү чара көрүлсө дейт.