"Көзүнө жаш алып". Блогер Москвада такси айдаган кыргыз жигитине бекер жеткиргени үчүн унаа белек кылды (видео)

Орусиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны бекер жеткиргени үчүн кыргыз жигитине унаа белек кылды.

Блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөдү. Анда блогер адамдардын боорукердигин текшерүүнү чечип, акчасын унутуп калгандай түр көрсөтүп, таксисттерден аны бекер жеткирүүнү суранган. Ким бекер жеткирүүгө макул болсо, блогер унаа бермек. Бир нече айдоочу баш тарткан.

Ошол маалда таксисттердин бири Гасановду жеткирүүгө макул болгон. Жолдо сүйлөшүп бара жатып, айдоочу Кыргыз жараны экенин жана ал адамдарды бекер ташыган бул биринчи жолкусу эмес экендигин билдирген.

Айдоочу Москвада бир ай иштегени үчүн 40 миң рублга жакын киреше табарын айткан. Ал үй-бүлөсүн таштап келгенин айтып, өзгөчө кулагына операция жасатууга муктаж болгон кичинекей кызы менен апасын көбүрөөк ойлорун айтып берген.

Гусейн Гасанов айдоочудан аны авто борборго алып барууну суранып, ал жерден так эле ошондой унааны сатып алып, Кыргыз жаранына каттаткан.

"Жигиттер, чын элеби?" деп жаңы унаанын бактылуу ээси ишенбей ыйлап жиберди.

Гусейн Гасанов Москвада такси айдаган Кыргыз жаранына унаа белек кылды
Гусейн Гасанов Москвада такси айдаган Кыргыз жаранына унаа белек кылды 2
Гусейн Гасанов Москвада такси айдаган Кыргыз жаранына унаа белек кылды 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
patriot.kg94
2021-11-25 09:50:55
Молодец
+12
Mongol1155
2021-11-25 09:58:55
Гусейин красавчик! Кыргыз жигити да молодец! Жүзү жарык жигит экен.
+13
Aza2100
2021-11-25 10:26:31
Кыргыздар айкөл элбиз, ниетибиз түз
+11
TIMON_BERKOWITZ
2021-11-25 10:50:12
Кыргыздын боорукер, ыймандуу жузун ачып бергени учун алкыш! Кызына да жардам берели, топтолуп!
+13
Jaka1978
2021-11-25 11:46:13
Гасанов молодеееец
+10
Esen8891
2021-11-25 11:55:21
Хитрый шоу
-10
alinsan
2021-11-25 12:17:39
Маа ша Аллах! Мен да ыйлап ийдим го
+8
JaneEr
2021-11-25 12:38:20
Биздин блогерлер гив ойнотуп жок машинаны корсотуп мактанышып,алдаганды эле билишет
+4
Dembele84
2021-11-25 13:12:52
Кандай гана суйунучтун коз жашы.Азамат жигит экен!Ушинтип эле чет жерде кыргызга соз тийгизбей жакшы жактарынарды корсотуп журо бергиле туугандар.
+8
Egizderim-baktim
2021-11-25 14:01:49
Ой коздорумдон жаш томолоп кетти гоо. Азаматсыз, ийгилик, уй булоолук бакыт каалайм, кызынызга Аллахым шыпаасын берсин.
+6
KG-312
2021-11-25 14:10:39
Ушул рф блоггерлери тынбай эле машина, айфондорду белеке беришет, кайдан табышат акчаларды булар?
+5
algakaray
2021-11-25 20:11:43
Кубанычын тен болушуп мен да ыйладым. Бул тушуно киргис окуя да. Эмнени тушунсок болот туугандар? Демек, чын дилин менен адамдарга жардам кылсан, журогун таза болсо Аллахым коз ачып жумганча жапжаны машина берип койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан