-2015-жылы Кызыл-Туу жана Шор-Булак айылдарына борбордук көчөлөрүн өздүк каражат менен оңдотуп- түздөтүп бергем.
-2015-жылы Калкакар, Дөң-Талаа, Коңур-Өлөң айылдарына кетчү суу каналын узундугу 200 метр, бийиктиги 8 метр болгон каналын өз каражатым менен жасатып бергем.
-2015-жылы Улахол айыл өкмөтүнө, Кашка-Суу участогуна күпкө салууга каражат бөлүп бергем.
-2017-жылы өткөрүлгөн Алыбек Баатырдын 300 жылдыгында башкы байге коюп, автоунаа белекке берилген.
-2018-жылы Кара-Коо айылына олимпиадалык мат белекке берилген.
-2018-жылы Кара-Талаа айылына мини-футбол аянтчасын салганга Өнүктүрүү фондунан акча каражатын чечип бергем.
-2020-жылы пандемия убагында 1200 үй-бүлөгө азык-түлүк берилген жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин зарыл болгон медициналык каражаттар, коргонуучу кийимдер менен камсыздап, азык-түлүк да таратылып берилген.
-2021-жылы өткөн жылдын Октябрь окуясында жабыркаган “Шумкарлар” коомунун 80 мүчөсүнө акчалай жардамын берилген.
Алган сыйлыктарым:
-2013-жылы Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн “Жаңы муун ынтымагы” коомунун диплому.
- 2016-жылы Тоң районунун "Ардактуу атуулу".
- 2016-жылы Тоң районунун администрациясынын Ардак грамотасы.
- 2018-жылы Улуттук оюндарды өнүктүрүү Дирекциясынын Ардак грамотасы.
- 2018-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
- 2019-жылы Ысык-Көл облусунун администрациясынын Ардак грамотасы.
- 2019- жылы Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынан кол сааты.
- 2015-2016-жылдары Тоң районунун администрациясынын ыраазычылык каты.
- 2015,2017-жылдары Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Ыраазычылык каты.
- 2015-жылы “Кыргыз Республикасынын Ата Мекенге кызмат” ордени
- 2017-жылы Көл-Тор айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты.
- 2019-жылы Улахол айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты.
- 2020-жылы Ысык-Көл облусунун администрациясынын ыраазычылык каты
- 2020-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
-2 020-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси.
- 2021-жылы Ысык-Көл областынын “Даанышман” наамы ыйгарылган.
Урматтуу кыргыз элим, биздин шайлоочулар!
“Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат” деп кыргыз элинин залкар акындарынын бири Барпы Алыкулов айтып өткөн экен. Ал киши арабызда жок, бирок айткан сөздөрүнүн мааниси эскирбей эле, кайрадан азыркы биз жашап турган күндөрдө өтө актуалдуу. Бектер кетип, келип жатышат, бирок элдин үмүтү өчкөнсүп, сабыры азайгансып “алдыдагы кыргыз элибиздин тагдыры эмне болот” деген ойго түшкөндөй.
Жыл сайын өткөн ар кандай бийликтин тепкичтерине шайлоолор бизнеске айланып, келечекти ойлобой, кадимки эле базардагы соодалашуу жолу менен чечилип калды. Ал эми ошондой жол менен шайланып келген эл өкүлдөрүбүз мамлекеттин келечегине залакасын тийгизген, бир кишинин он чакты добуш берүүчүнүн кнопкасын басып койгон жолдор менен ачык эле, элден коркпой эле кабыл алынып калды. Жоопкерчилик жок!
“Шайлооңор менен ары баргыла” деген кишилер азыр аз эмес, түшүнөбүз, бирок “сабырдын түбү сары алтын” демекчи КАДЫРЛУУ КАЛКЫМ! Ачууга алдырбайлы! Таза шайлоо өтүүгө жана таза депутат шайлап алууга жакшы шарт түзүлүүдө! Кандай кылсаңар да, кимди шайласаңар да, мамлекеттин, келечектин тагдыры сиздердин, элдин колунда! Бийлик элдики деп ушуну айтат, демек, шайлоого барбаган адам бийликти критикалаганга моралдык укугун дагы жоготот. Себеби ал кишиге мамлекеттин келечегин оңдоого добуш берүүгө чакырылган, демек, парзыбызды эл астында аткарышыбыз керек!
Депутат “элдин алаканына нан салып бербейт”, биздин берген гуманитардык жардам менен эл байыбайт, ал убактылуу нерсе! Бирок элди кыйноого алып келбеген мыйзамдарды кабыл алуу - бул депутаттын түздөн-түз иши, милдети!
Мен өзүм” Ишеним” партиясы менен №41 болуп катталып, шайлоого аттандым. Жаштыгым артта калды, өзүм үчүн иштедим, балдарым чоңойду, эми элим, мамлекетим үчүн иштейин деп чечтим. Себеби мыйзам аткарылбаган мамлекеттен күчтүү, билимдүү жарандарыбыз чет жакка кетүүдө, инвесторлор “кол шилтеп” артты карап кетишет. Ошондуктан бийлик силердин колуңарда.
Урматтуу кыргыз элим! Үмүтүңөрдү жакшылыктан үзбөгүлө, алдыга ишенич менен кадам салалы!