КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин төртүнчү күндүк дебаты өтүүдө. Анын жүрүшүндө көрүүчүлөр тараптан "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелисбек Мырзакматовго "Атамбаевдин убагында аны колдогон колдоочуларын таштап мамлекеттен чыгып кеткен эле. Учурда бийлик менен макулдашып алып, жасалма оппозиция болуп шайлоого бара жатабы? Буга чейин мындан ары саясатка аралашпайм, ишкерлик менен гана алектенем деп айткан эле" деген суроо берилди.
"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелисбек Мырзакматовдун жообу: "Атамбаевдин убагында андай окуя болгону чындык. Биз убактылуу чегингенбиз. Бирок саясатка аралашпайм, ишкерлик менен гана алектенем деп мен эч жерде айткан эмесмин. Эгер айткан болсом анда суроо берүүчү аны тастыктап берсин.
Ал эми жасалма оппозиция деп башкаларды айтса болот. Бизге андай тонду жаба салуу мүмкүн эмес. Биз оппозиция дагы, позиция дагы эмеспиз. Биз өлкөнү оңдоого өз көз карашы бар, конструктивдүү партиябыз".