Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.
"Былтыр, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Шайлоо учурунда мыйзам талаптары одоно бузулуп, парламентке бийликке жакын партияларды өткөзүш үчүн административдик ресурстун бардык күчү пайдаланды. Бул бийликтин позициясын бекемдөө, кайра эле кезектеги үй-бүлөлүк–кландык башкаруу режимин орнотуу жана Жогорку Кеңешке элдин эмес, кожоюндун каалаган эркин аткара турган тил алчаак депутаттарды алып келүү максатында атайын жасалган иш болду. Мыйзамдын ачыктан-ачык тебеленип-тепселиши массалык баш аламандыкка жана үчүнчү революцияга алып келди. Жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн чиновниктердин тобу бийликти узурпациялап, басып алганына эл чыдай алган жок. Ошол адилетсиздикти көрүп, дагы бир жолу алданганын түшүнгөн эл баарын өз колуна алууну чечип, чыныгы эрки кандай экенин, кандай келечекти каалап жатканын көрсөтүү үчүн көчөгө чыгышты. Бир муштумга биригип, үчүнчү жолу биз адилетсиздикке чыдабай турганыбызды далилдей алдык. Мына ошондуктан алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биздин элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн келечекти аныктоодо маанилүү тарыхый ролго ээ. Бул шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү, өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн орун алганынын көрсөткүчү болот. Таза жана ачык шайлоо өткөрүү бүткүл дүйнөлүк коомчулукка Кыргыз мамлекетинде демократиянын доору чындап башталгандыгын, бизде мыйзамдын үстөмдүгү орнотулган укуктук мамлекет экенибиздин белгисин берет", - дейт Садыр Жапаров.