Урматтуу шайлоочулар!
Бүгүн биз кайрадан өлкөбүз жакынкы жылдарда бара турган жолду тандоо алдында турабыз. 28-ноябрда өлкөбүздүн келечегин түзө тургандарга, татыктууларына добуш бериңиз. Ал эми парламентке кайсы адамдар келери сизден көз каранды: баарына бирден таттуу жашоону убада кылгандарбы же кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн чындап иштей тургандарбы? Тилекке каршы, биз Жогорку Кеңешке компетентсиз кадрлар келгенине байма-бай жолуктурдук. Анын аягы кантип бүткөнү баарыбыздын эсибизде. Өзгөрүүгө убакыт келди, мындан ары мындай жашоого мүмкүн эмес.
Мен өлкө үчүн жүрөгү менен күйгөн прогрессивдүү, кесипкөй патриоттордун башын бириктирген «Ишеним» партиясынын өкүлүмүн. Биздин талапкерлердин ар бири өз тармагынын адиси, ар бири өзүнүн программасын кылдат иштеп чыккан. Жалгыз дарак токой болбойт демекчи, бирдиктүү механизм катары иштөө үчүн биз кубаттуу команда менен шайлоого аттандык.
Менин максатым - шайлоодо жеңиш гана эмес. Менин максатым – Кыргызстандын жашоосунда заманбап тенденциялар жана дүйнөлүк коомчулуктун жетишкендиктери биздин элибиздин көп кылымдык салттары менен тыгыз айкалышкан гүлдөгөн мамлекет болууга жардам берүү.
Талапкердин программасы
Технологияны кеңири колдонуу
Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жасалма интеллект заманбап коомдун жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө мындай технологияларга көңүл бурбоо алардын өнүгүшүнө тоскоол болот деген түшүнүк бар. Жасалма интеллекттин өнүгүшү эмгек рыногуна потенциалдуу коркунуч туудурганына карабастан, дүйнө аны түрдүү тармактарда колдонууга өзгөчө маани берет. Алар: билим берүү, саламаттыкты сактоо, тейлөө чөйрөсүндө, коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана башка. Биздин өлкө бул тенденциядан артта калбай, бул технологияларды коомдук турмушка жана экономикага кеңири киргизе башташы керек.Борбор калааны өнүктүрүү
Бишкекке жаңы башкы план керек. Анда шаардын айланасында жашыл тилкелердин болушун камсыз кылуу (өнүгүү зоналарынын, өнөр жай, турак жай, административдик, маданий, соода ж.б) керек. Имараттардын сырткы көрүнүшүнө, энергиянын натыйжалуулугунун түрүнө жана кабаттарынын санына талаптарды белгилөө зарыл. Шаардын бардык чөйрөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Борбор калаа жогорку өнүгүүдө болушу шарт. Анда көп сандагы сейил бактар, гүлзарлар, дарыя жана каналдардын боюнда сейилдөө аймактары, спорттук жана балдар үчүн аянтчалар болушу шарт.
Өлкөнүн өнүгүүсүндөгү парламенттин ролу
Өлкөнүн өнүгүп-өсүшү үчүн парламенттин ролу жогору. Анын күчү трибунада туруу жана мыйзамдарды кабыл алуу. Жогорку Кеңеш популисттик сөздөрдүн жана чечимдердин, чыр-чатактын, ушактын органы болбошу керек. Парламентте бир гана чындык айтылып, ар бир кыргызстандыктын үнү угулушу керек. Эч бир чечим эмоцияга алдыруу менен шашылыш түрдө, эксперттердин, окумуштуулардын жана коомчулуктун катышуусу жок кабыл алынбашы керек. Парламент элди бириктирүүчү орган болуусу зарыл.
«Ишеним» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).