Кыргызстанда почта тармагын оңдоого 5,9 миллион доллар бөлүнүүдө

Жогорку Кеңеште почта тармагын өнүктүрүүгө багытталган “Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-июлунда кол коюлган “Каржылык секторду өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

 

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаевдин айтымында, Кыргызстандын почта тармагын жаңылоого 5,9 миллион доллар бөлүнүүдө. Анын 3,28 миллион доллары 0,75 үстөк пайыздык насыя, 2,62 миллион доллары гранттык каражат.

 

Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө аймагында “Кыргызпочтасы”  мамлекеттик ишканасынын 400 бөлүмү иштейт. Алардын имараттары узак жылдардан бери оңдолбой, жабдуулары эскирип бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан