Талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков жалпысынан 30 жерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, элеттик элдин көйгөйүн укту

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Ишеним" саясий партиясынан талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков үгүт кербенин кичи мекени Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушуудан баштады. Талапкер жалпысынан 30 жерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, элеттик элдин көйгөйүн укту.

"30 жылдан бери жолдун алыстыгынан биздин айылга талапкер эмес, акимдер бут баспаган. "Сүйүнбек атанын уулу экендигиңди далилдедиң. Сен келдиң эми үнүбүз бийликке жетет деп ойлобуз"- деген пикирлерин алыскы "Жең-Кол", "Шаркыратма" айылдарынын тургундары айтышты. Ал эми "Ылай - Талаалык" К.Баатыров: "С.Өмүрзаковдун мандат алышы- элибиздин утушу болот. Өлкөбүздүн ички, тышкы коопсуздук маселелерин жат билет. Добушубузду биз үчүн, мамлекетибиз үчүн кымбат жигитибизден аябайбыз"- деп сыймыктануу менен элди добуш берүүгө чакырып кетти.
Ошондой эле райондун борборундук стадиондогу шайлоочулар менен болгон жолугушууда эл бир добуштан колдоп,
"С.Өмүрзаковдой духу, эрки, саясий сабаттуулугу жогору жигитибиз парламентте да керек",
- деп сыймыктануу менен айткандарын баса белгилеп кетмекчибиз.

Ар дайым биринчи болуу бактысына ээ С.Өмүрзаковго касиеттүү Өзгөндүн шайлоочулары да ак тилектерин айтышып, ак баталарын беришти

"Ишеним" саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан