"Эч качан чөкпөгүлө". "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Төмөндө анын билдирүүсү:
"Урматтуу шайлоочуларым!
Урматтуу партиялаштарым!
"Ордо" партиясынын талапкерлери аз акча кетирип, натыйжалуу шайлоо кампаниясын жүргүздүк. Эл аралап шайлоочулар менен түз иштедик. Чын жүрөктөн колдоп жатканыңыздарды сезип турдук. Сиздерге таазим.
Шайлоонун жыйынтыгы эки башка чыгып жатканы күмөн туудуруп жатат. Биздин талапкерлер эки миң добуш алгандары БШКнын кийинки жыйынтыгы боюнча 268ге чейин түшүп калганы чоң суроо жаратат...
Биздин тарапташтар, башыңыздарды бийик көтөрүңүздөр. Эч качан чөкпөгүлө. Жеңиштер али алдыда!
Бул күндөрдө баарыбыз чогуу болуп, сиздердин ар бир добушуңуздарды коргоп, ошону менен бирге күрөшүүгө даярбыз", - деп жазган ал.
Маалымат үчүн:

Буга чейин Мирбек Мияровдун дайынсыз болуп жатканын партиялашы Жанчар Сейитбеков билдирген. Айтымында, Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефону өчүрүлгөн.

Ал эми бүгүн, 30-ноябрга карата Мирбек Мияровдун дайыны билинип, тоого кеткени маалым болгон.

"Ордо" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан. БШКнын акыркы маалыматы боюнча, "Ордо" партиясы 0.45 пайыз добуш ала алды.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-11-30 18:21:20
Шайлоо болуп жатса партиясына айтып койбой тоого кеткен акмак экенго
+5
Abdizhapar
2021-11-30 18:53:19
Тоого барып ушул билдирууну жазып келген окшойт
+5
Kg-04
2021-11-30 18:55:31
Бул озун хайп кылдыбы ошондо ой только хайпарушник
+1
Isken90
2021-11-30 18:56:27
Кееде ушинтип тоого барып тушунбогон элден коро тоого чер жазып келген жакшы
+1
bazar
2021-11-30 19:24:12
Бул тоого барбай эле көңүлдөш менен кайп кылып жатты бир болсо
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан