Орусиянын Владивосток шаарында дагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аягына чыкты. Бул шаардагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, бул шайлоо тилкесинде эң көп добушту 54 добушу менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы алган. Экинчи орунда 16 добушу менен "Ынтымак" партиясы турса, үчүнчү орунга "Ишеним" партиясы 11 добушу менен жайгашкан.
Буга чейин Орусиянын Сахалин аймагында дагы добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтык жарыяланган.