Дебат. "Социал-демократтар" партиясы: "Бүгүнкү бийлик Атамбаев куруп кеткен жолдордун ачылышына катышып жүрөт"

Бүгүн КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кезектеги дебаты орун алды. Анын жүрүшүндө "Социал-демократтар" партиясына көрүүчүлөр тарабынан "Социал-демократтар" партиясынын урааны "Үзүлгөндү улайбыз, чачылганды жыйнайбыз" дейт. Атамбаевдин учурунда кошуна мамлекеттер менен карым-катнаш үзүлдү. Өлкөнүн байлыгы Атамбаевдин убагында чачылды. Анан кантип улап, жыйнайсыңар?" деген суроо узатылды.

"Социал-демократтар" партиясынын жообу: "Эми Алмазбек Атамбаев жөнүндө сөз кыла турган болсок өтө көп сөз болот. Атамбаевдин убагында туруктуулук орногон. Атамбаевдин убагында канчалаган жолдор салынган. Бүгүнкү күндө азыркы бийлик барып мына ошол жолдордун ачылышына чейин катышып отурат. Атамбаев кыргыз элин дүйнөлүк деңгээлде дүңгүрөтүп тааныткан. Ошол эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана башка көптөгөн долбоорлорду айтсак болот.

Албетте, Атамбаев жалгыз болгон жана анын командасы ал кишини сатып койгон. Айланасындагы адамдар туура жолду көрсөтпөй эле туура эмес жолго түшүрө беришкен. Бул боюнча Алмазбек Шаршенович өзү дагы элден кечирим сураган. Өзүнүн каталарын билген. Мен ойлойм, бүгүнкү күндө өзүнүн катасын моюнга алып элден кечирим сураган бир дагы саясатчы жок. Мындай иш-аракетти бир гана күчтүү адам жасай алат.

Эми ал киши бүгүн түрмөдө отурат. Андыктан "Атамбаев жаман" деп эле анын жаман жактарын чыгарып, жакшы жактарын катып, унчукпай койгон таптакыр туура эмес деп ойлойм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан