Кыргыз сомун англиялык “De La Rue” жана франциялык “Oberthur” компаниялары басып чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Шамил Айдаркулов билдирет.
Анын айтымында, бир банкнотту даярдоонун орточо баасы 3 сом 70 тыйынды түзөт. Мисалы, 20 сомдук банкноттун наркы 1 сом 89 тыйын болсо, 5000 сомдуктун наркы 4 сом 69 тыйын.
Кыргызстанда акча чыгаруучу атайын ишкана жок. Мындан улам кыргыз сому чет элдик компанияларда чыгарылат. Ал эми 2008-жылы жүгүртүүгө киргизилген тыйындар Казакстанда жасалган.