Ички иштер министринин орун басары: "12 миңге жакын ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат"

Элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

"Буга чейинки шайлоого салыштырмалуу бүгүнкү шайлоо өзүнүн тазалыгы, ачыктыгы менен айырмаланып өтүшү керек. Ал үчүн учурда 12 миңге жакын ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эгерде шайлоого байланыштуу элге жат көрүнгөн фактыларды байкасаңыздар ИИМге кайрылсаңыздар болот. Ар бир аймакка кызматкерлер бөлүнгөн. Шайлоо өтүп жаткан жерлерде жол кырсыгынын алдын алуу боюнча кызматкерлер бекитилген. Коомдук укук бузууларды болтурбоого рейддер өткөрүлгөн", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан