Кыргызстан АКШнын “Манастагы” аскердик базасынын ишин токтотуу боюнча АКШга Нота жөнөттү

Бүгүн, 14-ноябрда КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен жолугушту. Жолугушууда “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун ишин 2014-жылдын 11-июлунан тартып токтотуу тууралуу АКШ тарапка Нота берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

 

Айта кетсек, бүгүн парламент жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов ("Ата Мекен") бул маселени көтөрүп чыгып, “эгер жакын арада АКШга Нота жибербесек, америкалыктардын базасынын өлкөдө калуу мөөнөтү автоматтык түрдө 1 жылга узарып кетиши мүмкүн”,- деген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан