Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Рыспек Жолдошбаев өрт өчүрүүчүлөр күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 миң 823 куткаруучу кызмат өтөп жатат. Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында иш-чаралар жүрүүдө. Министрлик тарабынан шайлоо убагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш алып барылып жатат. Күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаал катталган жок", - дейт ал.