Эки партиянын тизмесинен талапкерлер чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Багыт" либерал-демократиялык партиясынан" Александр Шут, "Кыргызстандын бириктирүүчү патриоттук партиясынан" Данияр Өмүрбеков тизмеден чыгарылды. Мындай чечим алардын өздөрүнүн арызынын негизинде кабыл алынды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.