Бүгүн саат 14:00гө чейин БШКга 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
"Эртең менен саат 8:00дөн 14:00гө чейин 17 кайрылуу түштү. Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 2, үгүт эрежелерин бузуу боюнча 5, шайлоочуларды ташуу боюнча 1, шайлоо эрежелерин бузуу боюнча 1, БШКга карата алардын үстүнө арыздардын саны 3, урналардын иштөөсү боюнча 5 кайрылуу түштү", - дейт ал.